Кандайдыр бир нерсенин запкысы, кыйынчылыгы абдан катуу таасир этүү, жанын кейитүү, көкөйгө тийүү. Апа, сен үндөбө, болду. Сөөгүмө батып кетти, - деди Татыбек (Байтемиров).
Кандайдыр бир нерсенин запкысы, кыйынчылыгы абдан катуу таасир этүү, жанын кейитүү, көкөйгө тийүү. Апа, сен үндөбө, болду. Сөөгүмө батып кетти, – деди Татыбек (Байтемиров). В.: Сөөгүнө жетүү. Анткени эки күндөн берки окуя анын сөөгүнө жеткен болучу (Баялинов). Баарынан да ушул орус аялдын ишарасы Турсундун сөөгүнө жетти (Сасыкбаев). Сөөктөн өтүү. Сөөгүмөн сөзүн өткөрүп, Арамдар басат белимден (фольк.). Сөөктөн өткөн суук. Сөөгүнөн өтүп, чучугуна жетүү. Кайнененин каары Батийнанын сөөгүнөн өтүп, чучугуна жетти (Сыдыкбеков).