СӨЗГӨ КОНОК БЕРБӨӨ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бербөө. Алыбек сөзгө конок бербей бакылдай берген киши экен («Ала-Тоо»). Тоту жеңемдин сөзү отургандардын жүлүнүнө тийгендиктен, сөзгө конок беришпей, жеңеме каршы жаалаган сөздөр күч алды (Жантөшев).