Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. эркиндик, азаттык, боштондук;
свобода слова сөз эркиндиги;
свобода печати басма сөз эркиндиги;
2. (отсутствие каких-л. стеснений) эркиндик;
предоставить кому-л. полную свободу действий бирөөгө аракет кылууга толук эркиндик берүү;
3. (воля) эрк;
выпустить птиц на свободу куштарды бошотуп коё берүү;
лишить кого-л. свободы бирөөнү эркинен ажыратуу;
на свободе бош убакта, ара-чолодо;
прочитайте эту книгу на свободе бул китепти бош убактыңызда окуп чыгыңыз.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭРКИНДИК – конституцияда же дагы башка мыйзам актыларында бекитилген адамдын белгилүү бир жүрүм-турум мүмкүнчүлүгү (м.: сөз эркиндиги, дин эркиндиги ж. б.). Э. жаран-адамдын жаратман иш-аракетине кийлигишпөөгө шарт түзүп берүү аркылуу мамлекет менен коомчулук тарабынан колдоого алынуучу инсандын жигердүү, чыгармачылык ж. б. оң сапаттарынын ачыкка чыгуусу болуп эсептелет. Жекече маанисинен алганда, «Э.» катмары «укук» түшүнүгүнө жакын, бирок акыркы түшүнүк мамлекет же башка субъектилер тарабынан кандайдыр бир иш-аракетти жасоосу үчүн (м.: эмгекке укугу бар болгон учурда жумуш берүү) көбүрөөк же азыраак юридикалык механизими бар экендигин каңкуулап турат. Тескерисинче, юридикалык Э. ишке ашыруунун так механизмине ээ эмес, ага ошол Э. аракеттерин кандайдыр бир бузуп алуулардан кармануу милдеткердиги мүнөздүү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДИН ИШЕНИМИНИН ЭРКИНДИГИ – ар жарандын динге карата мамилесин эркин жана өзалдынча аныктоо, жеке өзү же башкалар менен бирге каалаган динине ишенүү же эчбирине ишенбөө, диний ишенимин алмаштыруу, демек динге карата ишенимин билдирүү жана таратуу укуктары камтылган адамдын негизги жеке эркиндиктеринин бири. КР Конституциясы тарабынан, ошондой эле, алтургай, мамлекеттик (ырасмий) дин институту бар өлкөлөрдүн конституциясы тарабынан да Д. и. э. таанылган.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМ ЭРКИНДИГИ – КР жарандык мыйзамдар башаттарынын бири. Тараптар мыйзамдарда же башка укук актыларында каралган дагы, каралбаган дагы, ошондой эле мыйзамдарда же башка укук актыларында каралган аргандай келишимдердин белгилери камтылган (аралаш келишим) келишимдерди түзүшү мүмкүн. Тийешелүү шарттын мазмуну мыйзамда же башка укук актыларында алдынала жазылгандан башка учурларда, келишим шарты тараптардын каалоосу боюнча аныкталат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МААЛЫМАТ ЭРКИНДИГИ – конституциядагы бүтүндөй укук менен эркиндиктердин тобун камтый турган түшүнүк: сөз эркиндиги (өз оюн айтуу эркиндиги), басмасөз ж. б. жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги, коомдук мааниге ээ болгон маалыматтарды алуу эркиндиги, баардык мыйзамдуу ыкмалар аркылуу маалымат таратуу эркиндиги. Цензурага тыюу салуу, өз оюн айтууга мажбурлоого, ошондой эле андан баштартууга тыюу салуу М. э-нин өтө маанилүү кепилдиги болуп саналат. Социалдык, улутчулдук, расалык, диний көралбастык менен жоолашууга түртүүчү баардык үгүт-насыят иштерине, ошондой эле социалдык, расалык, улуттук, диний же тилдик артыкчылыкты үгүттөөгө тыюу салуу М. э-нин башкы чектөөсү болуп эсептелет. Өзгөчө кырдаалдын же согуш кырдаалынын же мыйзамда белгиленген учурларда М. э. чектелиши мүмкүн.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АРЫ-БЕРИ ЖҮРҮҮ ЖАНА ОТУРУКТАШУУ ЭРКИНДИГИ – адамдын негизги жеке укуктарынын бири. Мамлекеттин баардык аймагында эч жолтоосуз ары-бери жүрүү, жайгаша жана жашай турган жерин тандоо, ошондой эле мыйзамдын биркатар талаптарын сактоо менен, мамлекет аймагынан чыгып кетүү жана ага кайрылып келүү мүмкүнчүлүгүн билдирет. Адамдар өзү жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында А. ж. ж. о. э-н толугу менен пайдалана алат. А. ж. ж. о. э-н мындай толук көлөмдө жарандар өзү жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында гана пайдаланат. Чет өлкө жарандары менен жарандыгы жок адамдардын А. ж. ж. о. э. адатта кыйла чектелген мүнөздө болот, бирок баары бир тийешелүү мамлекеттин аймагын өзалдынча таштап кетүү укугун жокко чыгарууга тийиш. Бирок, демократиялык өлкөлөрдө жарандарга карата биркатар чектөөлөр бар. Көпчүлүк мамлекеттерде аскердик, экономикалык, жаратылышты коргоо ж. б. сыяктуу маселелерге, ошондой эле жеке ээликтеги жерге кирүүгө тыюу салынгандыгына байланыштуу кыйла аймактарда эркин жүрүүгө чектөө коюлган. Мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо жүйөсү боюнча да жарандардын өз өлкөсүнөн чыгып кетүүсүнө чектөө салынышы мүмкүн. Өзгөчө кырдаал учурунда дагы А. ж. ж. о. э-не чектөө коюлушу мүмкүн.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШКЕРЧИЛИК ЭРКИНДИГИ – адамдын негизги конституциялык экономикалык эркиндиктеринин бири. Ал өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн ишкана түзүү, катарына жер дагы кирген өндүрүш каражаттарына ээ болуу, тапкан кирешесин өзалдынча тескөө укугу сындуу ишкерчилик жана мыйзам тарабынан тыюу салынбаган чарбачылык иштерге колдонуу укугун билдирет. КР конституциялык мыйзамдары И. э-н бекемдөө менен бирге, жекебасарлаштыруу менен акниетсиз атаандаштыкка багытталган экономикалык иш-аракеттерге тыюу салуу аркылуу аны чектеп турат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СӨЗ ЭРКИНДИГИ – адамдын негизги жеке укуктары менен жарандардын саясий укуктарынын бири, маалымат эркиндигинин курамдык бөлүгү. Ал өз пикирин (оюн) жарыя айтуу мүмкүнчүлүгү (оозеки, жазуу жүзүндө, жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуу менен) дегенди билдирет. Ошону менен бирге, дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде С. э-н мыйзамдуу бийликти күч колдонуу аркылуу кулатуу, мамлекеттик жана мыйзам тарабынан корголгон сырларды ачуу, кылмышка түртүү, улутчулдук, расалык, диний жана башка кагылышуулар, башка жакты басмырлоо жана ушактоо, коомдук жүрүм-турум жана адеп-актык каадаларына тийиштик кылуу үчүн пайдаланууга тыюу салынган. Өзгөчө тартип менен согуштук кырдаал маалында С. э-н чектөө тизмеги кеңейтилиши мүмкүн.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БИРЛИК ЭРКИНДИГИ – адамдын негизги укуктарынын бири, эгер сөз партиялар менен саясий кыймылдар ж. б. тууралуу баратса, жарандардын саясий укуктарынын бири. Ал «бирлик менен ассоциациялар эркиндиги» деген ат менен да белгилүү. Баардык бирликтердин түрүн түзүү укугу (мыйзам чегинде) дегенди билдирет. Көпчүлүк учурларда конституция ж. б. мыйзамдарда жашыруун коомдорду, аскерлештирилген уюмдарды, коомчулукка каршы максатты көздөгөн бирикмелерди түзүүгө тыюу салуу түрүндөгү Б. э-не чектөө коюулар кездешет. Адатта, Б. э. ошондой эле коомдук бирикмелердин эркиндиги менен алардын теңчилик принциби да жактырат. Б. э. чексиз укук болуп саналбагандыктан, өзгөчө жана согуштук кырдаал киргизилгенде ал чектелиши мүмкүн. КР Конституциясы тарабынан кепилдикке алынат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЭРКИНДИК – адамдын негизги маданий укуктарынын бири, өз оюн билдирүү эркиндигинин бир түрү. Конституцияда салыштырмалуу жакындан тарта гана бекитиле баштады. Ал адабий, көркөм, илимий, техникалык чыгармачылыкты, ошондой эле окутуу эркиндигин (академиялык эркиндикти) камтыйт. КР Конституциясы тарабынан кепилдикке алынат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭМГЕК ЭРКИНДИГИ – адамдын социалдык-экономикалык жана маданий укуктарына кирүүчү негизги конституциялык укуктарынын бири. Адатта, эмгекке өз жөндөмдүүлүгүн пайдалануу, иш менен кесип түрүн тандап алуу, ошондой эле мажбурлап иштетүүгө тыюу салуу эркиндиктеринин мүмкүнчүлүгүн камтыйт. Кандайдыр бир иш түрү үчүн белгилүү бир билим деңгээлин же дагы башка атайын адистикти талап кылуу (м.: медициналык көрсөткүчтөр, белгилүү бир куракка жетүү) сыяктуу, мыйзам тарабынан айрым чектөөлөр коюлушу мүмкүн.