Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсенин, иштин сапаты же кандай экендиги жөнүндө жүргүзүлгөн талдоо, айтылган пикир, берилген баа. Басма сөз – сындын эң күчтүү куралы. 2. Сапат, келбет, сымбат. Чу койгондо бөлүнүп, Тулпардык сыны көрүнүп («Эр Төштүк»). Сыны жакшы жигит. 3. Көөдөн, көкүрөөк сөөк. Сын туташып, бой муздап, Жатпай турган болсочу (Терме). Түндө ачылып калганмынбы, ойгонсом эле сыным туташып калыптыр (Мавлянов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бүтүн нерсеге сынык пайда болуу, бөлүнүп, ажырап кетүү, бүктөлүп жик кетүү, жарака кетүү. Үйдөй чым асманга учту жер тытылып, Качырап карагайлар жатты сынып (Үмөталиев). Өйдө тартса – өгүз өлөт, ылдый тартса – араба сынат (макал). Устасы жакшы келишсе, Сынган буюм оңолот (Осмонкул). Көңүлү адамдардын шише буюм, Сынбасын, абайлагын ойло уулум (Баласагын). 2. өт. Уят болуп калуу, көңүлү, деми сууп калуу, деми кайтуу, бөөдө чыгымга, зыянга учурап калуу, мүдөөсүнө жете албай уят болуп калуу. Сыпатың улук барабар, Сындырба назик шагымды (Казыбек). Сөзгө сынды. Шагы сынды. Назары сынды. Көңүлү сынды.