Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз суу+сар деген эки бөлүктөн турат. Анын суу дегени – азыркыча эле суу, ал эми сар дегени – иранча -сар мүчөсү, ал кыргызча -луу мүчөсүнүн маанисин берет. Ошондо суусар сөзү «суулуу» дегенге барабар маани берген сөздөн келип чыгат. Азербайжан, өзбек . тилдеринде сансар сөзү да суусарды билдирет, бирок ал таштуу жердеги суусарды билдирет, анткени сан сөзү иранча санг «таш» дегенди туюнтат. Элдин байкашы боюнча, суусардын эки түрү болот: бири тоолуу-таштуу жерде жашайт, анын төшү ак болот, экинчиси суулуу, токойлуу жерде жашайт, анын төшү сары болот. Ошондуктан алардын бири иранча сансар аталса, экинчиси түркчө суу жана иранча сар сөздөрү бириктирилип суусар аталган. Ошондой аталыштары менен бири-биринен ажыратылган. Бирок кыргыз тилинде суулуу жерде жашаганынын аты кеңири колдонулуп, аны менен таштуу жерде жашаганын да атай берүүгө өткөн. Тянь-Шанда жашаган байыркы элдер булгунду самур деп, кундузду сувсамуру дешкен. Аны азыркы Суусамыр деген жайлоонун атынан билүүгө болот. Кундузду кырып-жоюп куруткан соң, ал жаныбардын өзү да, аты да жоюлуп, бир убакта ал жашаган жердин аты гана сакталып калган, сувсамуру деген сөз кундуз менен алмаштырылган. Булгун (соболь) менен кундуздун (выдра) айырмасы кескин болгон менен, алар байыркы кезде самур деген бир сөз аркылуу туюнтулган. Ошондой үлгүгө салып, төшүндөгү ак же сары түстүү жүнүнө карабай, суусарды бир сөз менен атоо кыргыз тилинде кабыл алынган.