Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Суунун химиялык составы Н2О экенин азыркы адамдардын баары билет. Ошону менен бирге суунун башка касиеттери да бар: суу агат, суусунду кандырат, кирди кетирет, жууп-тазалайт ж. б. Ушул сыяктуу касиеттеринин кайсынысы негизгиси катары таанылып, суу деген аты келип чыкканы азыр белгисиз. Байыркы түрк эстеликтеринде бул сөз суг жана сув түрүндө болгон (ДТС, 513, 515). Ошону менен бирге «Огуз-намеде» усуг түрүндө да айтылат. Мисалы: Сачы мүрен усугы дег, ануң тиши үнжү дег эрди. Ким Итилниң угугыдан нечүк кечербиз деб деди. Мына ушул усуг сөзү эң алгачкысы болгон, ал ус+уг морфемаларынан куралган. Байыркы түрк тилинде ус этиши «сууса» маанисин берген (ДТС, 616). Ага этиштен зат, сын атооч жасоочу -г (-ыг, -иг, -уг, +г, -аг, -ег) мүчөсү жалганып, усуг сөзү жасалган. Ал «суусунду кандыруучу» дегенге жакын маани туюнткан. Түрк тилдеринде башкы үндүү тыбышы түшүп калышынан келип чыккан суг сөзү кеңири колдонула баштап, алгачкы усуг түрү унутулган. Ал эми суг түрү өзгөрүүсүз сакталып айтылганы хакас, тува тилдеринде колдонулат. Кыргыз тилиндеги сугар, сугат сөздөрүндө байыркы суг түрү өзгөрүүсүз кала берген. Өзбек, кара калпак жана кыргыз тилинин дифтонгулуу говорлорунда сөздүн аягындагы г тыбышы в болуп өзгөрүп, сув түрүнө келген варианты айтылат. Казак жана уйгур тилдеринде г тыбышы биротоло түшүп, су болуп айтылат. Мына ушул су сөзүнө -са мүчөсү уланып, этиш жасалганда уйгур тилинде метатезаланып, усса түрүндө болот. Байыркы кезде сув вариантына этиш жасоочу -а мүчөсү уланып, сува сөзү жасалган. Андай түрү азыркы өзбек, уйгур тилдеринде сакталган. Кыргыз тилинде шыба түрүндө айтылып, чуваш тилиндегидей шыв «суу» сөзүнө этиш жасоочу -а мүчөсү уланган түрү колдонулат.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Ысык болбой, илеби кайтып, муздай түшүү» маанисинде айтылган сөз суг<у бөлүктөрүнөн турат. Мындагы суг азыркы суу деген зат атооч сөздүн байыркы түрү. Ага этиш жасоочу -у мүчөсү жалганып жасалган сугу түрүнүн ортосундагы г тыбышы түшүп, суу түрүнө келген. Азыркы музда этиши муз+ла дегенден келип чыгып, «муз болуп калуу» маанисин эмес, «ысык болбой, сууп калуу» деген маани берген сыяктуу эле, суу (<суг+у) сөзү да «суу болуп калуу» дегенди эмес, «суу сыяктанып салкын тартып калуу» маанисин берип калган.