СУУ СЕПКЕНДЕЙ БОЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Кимдир бирөөнүн жаман кылык-жоруктарын, кыянатчылыгын ж.б. сезип ичи муздай түшүү, ага карата жек көрүү сезими пайда болуу. Баягыдан кийин суу сепкендей болдум («Чалкан»). Жылдызкандын көтөрүлө түшкөн көңүлүн агасынын акыраңдашы суу сепкендей кылды (Байтемиров). 2. Кандайдыр бир окуя жөнүндөгү маселе, имиш-имиш тез басылуу, тып токтолуу. Күбүр-шыбыр суу сепкендей басылды (КОС). Чуу суу сепкендей басыла түштү. Жалгыз Момундун үнү басылган жок (Касымбеков).