1. Булак, өзөн, дарыя, көл, деңиздерди пайда кылуучу, химиялык жагынан алганда водород менен кислороддун кошулушунан келип чыккан түссүз суюктук. Суу – жерге, байлык –элге (макал). 2. Өзөн, дарыя. Куюп жатат Чычканга Жети-Суудан эки суу (Токтогул). 3. Кургак эмес, ным. Суу болгон кийимдериңерди кургаткыла (Жантөшев). Суу тал. Суу отун.
1. Илеби кайтуу, муздоо, салкын тартуу. Тамак сууп, эртеден бери столдо ичилбей туруп калды («Чалкан»). Абаз абанын ысыгы тез сууп, тез кеч киришин чыдамсыздык менен күтүүдө (Таштемиров). 2. Мурдагыдай болбой калуу, кызуу болбой калуу, көңүлү кала түшүү, деми кайтуу, басаңдоо. Жакшы кеңеш угамын деп айткан Жанболоттун көксөсү сууп, көчөгө чыкты (Шимеев). Эненин кызыл өңү бозоруп, сабыры сууй түштү (Сыдыкбеков). 3. Тапталуу, көкүрөгү басылуу, мыкты чуркай турган болуп бышыгуу. Аргымак сууйт тер менен («Олжобай менен Кишимжан»). Сууп калган буудандар, Сүмбөдөй болуп жарады («Семетей»). Аттар сууп калганда, Таңга супа салганда («Эр Табылды»).