Бир нерсенин запкысы, кыйынчылыгы катуу таасир этүү, жанына батуу, көкөйүнө тийип, жанын кейитүү. Муш аралаш ачуу сөз алардын сай сөөгүнө жетти («Чалкан»).
Бир нерсенин запкысы, кыйынчылыгы катуу таасир этүү, жанына батуу, көкөйүнө тийип, жанын кейитүү. Муш аралаш ачуу сөз алардын сай сөөгүнө жетти («Чалкан»). В.: Сай сөөктөн өтүү. Өтүп кетти сай сөөктөн Бай-манаптын соргону (Каралаев). Сөөккө батуу. Байлардан көргөн азап сөөккө баткан (Барпы). Сөөктөн өтүү. Сөөгүмөн сөзү бек өтүп, Арамдар басат белимден (фольк.) Сөөктөн өткөн суук. Сөөккө жетүү. Баарынан да ушул аялдын ишарасы Турсундун сөөгүнө жетти (Сасыкбаев). Сөөктөн өтүп, чучукка жетүү. Каардуу кайнененин запкысы Батинанын сөөгүнөн өтүп, чучугуна жетти (Сыдыкбеков).