Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ПОЧТА БАЙЛАНЫШЫ – почта жөнөтүмдөрүн, акча каражаттарын которумдарды кабыл алууну, иргөөнү, ташууну жана жеткирүүнү камсыз кылуучу, ошондой эле мезгилдүү басма сөздү, бааракыларды, жөлөкпулдарды, дайындуу башка төлөмдөрдү келишимдик негизде жеткирип берүүнү уюштуруучу мекемелердин жана унаа каражаттарынын бирдиктүү технологиялык тармагы. КРдин бүткүл аймагында почта жөнөтүмдөрүнүн жана почта транзитинин эркиндиги кепилденген.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ПОЧТА БАЙЛАНЫШЫНЫН АРТАРАПТУУ КЫЗМАТЫ – почта байланыш кызматынын кат-кабарларды, акча каражаттарын, почта жана телеграф которумдарын кабыл алуу, иштеп чыгуу, ташуу, жеткирип берүү боюнча өлкөнүн аймагындагы пайдалануучуга жалпыга жеткиликтүү тарифтер боюнча кызмат көрсөтүүсү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ПОЧТА БАЙЛАНЫШЫНЫН ОБЪЕКТИСИ – почтамттар, темиржолдогу почтамттар, темиржол бекетиндеги, аэробекеттеги, почта ташуу бөлүмдөрү, кат-кабар алмашуу жайлары, почта байланыш ишканалары менен түйүндөрү, почта байланыш бөлүмдөрү ж. б.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ПОЧТА БАЙЛАНЫШЫНЫН ОПЕРАТОРУ – почта байланыш тармагын иштетүүчү жана почта байланыш кызматын көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жак. П. б. о.байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү лицензиялык макулдашуунун негизинде аракеттенет.