Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Киреше, олжо. Кызыл кулак сүткорго пайда чыгар мал жакшы (Жантөшев). 2. Жакшылыкты көздөгөн иш, кандайдыр бир кызыкчылыкты, таламды көздөгөн жакшылык. Өмүркул да ыраазы: «Кызыл чекте – элим көрсүн уулумдун пайдасын» деп (Үмөталиев). Карындашым талыкпа, Пайдаңды чач калыкка (Токомбаев). Жери көптөр кенен жерин сатышса, Жерден пайда табабыз деп ашыкса (Жусуев). Ден таза, сергек басым жүргөнүмдү, Деп билем өз үйүмө тийген пайда (Узакбаев).