САЛЫК УКУГУ – белгилүү бир мамлекетте салык түрлөрү менен аны алуу тартибин белгилөөчү, салык милдеттенмелеринин келип чыгуусуна, өзгөрүүсүнө, токтотулушуна байланыштуу мамилелерди жөнгө салуучу юридикалык ченемдердин жыйындысы; каржы укук тармагынын бир тарамы. С. у-нун булактары: КР Конституциясы, КР Салык кодекси, салык салуу маселелерин козгогон дагы башка мыйзамдар.
САЛЫК ТАРТИБИН БУЗУУ – юридикалык жоопкерчилик бекитилген салык мамилелеринин катышуучуларынын салык милдеттеринин, укугунун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушу. С. т. б. төмөндөгүдөй топторго бөлүнөт: а) салык тутумуна каршы; б) салык төлөөчүлөрдүн укугу менен эркиндигине каршы; в) бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылуусуна каршы; г) салык төлөөчүлөрдүн өз милдеттенмелерин аткаруу кепилдигинин тутумуна каршы; д) салык органдарынын көзөмөлдүк иш-милдетине каршы; е) бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө, бухгалтердик жана салык отчеттуулугун түзүү менен берүүгө каршы; ж) салыкты төлөө боюнча милдеттенмелерге каршы.