МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ – 1) мамлекеттин мыйзамдарды чыгаруудан көрүнүүчү өз иш-милдеттерин ишке ашыруудагы негизги усулдардын бири; 2) коомдук мамилелерди толугу менен же анын бир түрүн (жарандык мыйзамдарды, кылмыш-жаза мыйзамдарын ж. б.) жөнгө салуучу укук ченемдеринин жыйындысы. КРде «М. ч.» түшүнүгү өз ичине адатта: КР Конституциясын, конституциялык мыйзамдарды, мыйзамдарды, КР ЖКнын токтомдорун, КР Президентинин жарлыктарын, КР Өкмөтүнүн токтомдорун камтыйт. Ошентсе да, ар тармактын М. ч. тармагы өз өзгөчөлүктөрүнө ээ.
МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИ – бийликти бөлүштүрүүнүн теориясына ылайык, мамлекетте бири-бирин тең салмактап туруучу үч бийликтин бири. Ал өзү мыйзамдарды чыгаруу боюнча ыйгарым укуктардын жыйындысы, ошондой эле ал ыйгарым укуктарды ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын тутуму болуп саналат. Демократиялык мамлекеттерде М. ч. б. атайын мыйзам чыгаруу органдары (парламенттер) менен гана эмес, референдумдарды өткөрүү жолу менен түздөнтүз шайлоочулар аркылуу дагы, ал эми айрым учурларда ыйгарым укуктарды же өзгөчө кырдаалдарда мыйзам чыгаруучулукту берүү иретинде аткаруу бийлик органдары аркылуу да ишке ашыралат. Азыркы учурда айрым мамлекеттердин конституцияларында М. ч. б. монарх жана мамлекетке же парламенттин палаталарына жана парламенттин ажырагыс бөлүгү катары мамлекеттин башчысына таандык экени тууралуу жобо камтылган. Чексиз монархияда жеке монархка гана таандык.
МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БОЖОМОЛДОРУНУН КОМИССИЯСЫ – мурдагы СССРдеги СССР Жогорку Советинин ар бир палатасында, ошондой эле союздук жана автономиялык республикалардын Жогорку Советтеринде тийиштүү Жогорку Советтин бекитүүсүнө киргизилген мыйзам долбоорлорун даярдоо жана алдынала кароо үчүн түзүлгөн туруктуу комиссия.
МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ДЕМИЛГЕСИ – мыйзам чыгаруу ишинин биринчи баскычы, белгиленген эрежелерге ылайык, мыйзам долбоорун мыйзам чыгаруу мекемесине ырасмий киргизүү. Өзүнүн артынан тийиштүү мыйзам чыгаруу органынын ал мыйзам долбоорун өз жыйынында кароо милдетин жаратат. КР Конституциясына ылайык КРде М. ч. д. укугунун субъектиси төмөнкүлөр: 30 миң шайлоочу (элдик демилге ); КР Президенти; КР ЖК депутаттары; КР Өкмөтү.
МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫ – эки палаталуу парламенттин бир палатасынын аталышы.
МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ОРГАНДАРЫ (демократиялык мамлекеттерде) – конституция тарабынан негизги милдет катары мыйзам чыгаруу бийлигин ишке ашыруу жүктөлгөн мамлекеттик өкүлчүлүктүү мекемелер. Мындан сырткары М. ч. о. адатта мамлекеттик бюджетти бекитүү жана аткаруу бийлик органдарынын ишмердигине (өкмөттүн, президенттин ж. б.) көзөмөл жүргүзүү, ошондой эле айрым бир башка ыйгарым укуктар: белгилүү чөйрөлөрдөгү (эсеп палатасынын аудиторлорун, акыйкатчыны ж. б.) жогорку кызмат адамдарын шайлоо (бекитүү, которуштуруу), эларалык келишимдерди ратификациялоо, мунапыс жарыялоо ж. б. укуктары таандык. Федерацияларда жана айрым борбордон ажыратылган унитардык мамлекеттерде М. ч. о. жалпы улуттук жана аймактык болуп бөлүнөт.
Законодательные органы (в демократических государствах)
МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ТЕХНИКАСЫ – мыйзамчыгаруу ишмердигин уюштуруу жана ишке ашыруунун жүрүшүндө мыйзам чыгаруунун субъекттери тарабынан пайдаланылуучу эрежелердин, усулдардын, каражаттардын жана ыкмалардын (аспаптардын) жыйындысы.