Мамлекеттин аба мейкиндиги
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)МАМЛЕКЕТТИН АБА МЕЙКИНДИГИ – мамлекеттин кургак жана суу аймагынын үстүндө жайгашкан аба мейкиндиги; анын эгемендүүлүгү алдында турат жана мамлекеттик аймактын курамына кирет. Мамлекеттин кургактагы жана суудагы чегаралары аркылуу өткөн тике мейкиндик анын М. а. а-нин каптал чеги болуп саналат. М. а. м-нин бийиктиги эларалык укукта белгиленген эмес.