Мамлекеттик эмес бааракы фонду
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)МАМЛЕКЕТТИК ЭМЕС БААРАКЫ ФОНДУ – ыктыярдуу негизде жарандарды бааракы менен камсыз кылуучу коммерциялык эмес уюмдун өзгөчө уюмдаштырылган-укуктук таризи. М. э. б. ф. мамлекеттик бааракы менен камсыздандыруу тутумуна көзкарандысыз жана ага толуктооч катары иштейт. Бааракылык келишимдердин негизинде жеке адамдарды бааракы менен мамлекеттик эмес ыктыярдуу камсыз кылуу М. э. б. ф. ишмердүүлүгүн өзгөчө түрү болуп саналат. М. э. б. ф. ишмердүүлүгү бааракылык мүчөлүк акыларды бир жерге топтоодо, бааракылык милдеттенмелерди эсепке алууда, аларды арбытуу максатында бааракылык активдерди жайгаштырууда жана алуучуларга мамлекеттик эмес бааракыларды төлөп берүүдө турат.