Мамлекеттик чыккынчылык
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)МАМЛЕКЕТТИК ЧЫККЫНЧЫЛЫК – КР кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык мамлекеттин коопсуздугуна каршы иштелген бир кыйла оор кылмыш. КР жаранынын чет мамлекетке же чет өлкөлүк уюмга КРдин тышкы коопсуздугуна зыян келтирүүчү кастык иштерин жүргүзүүгө жардамдашуусу же болбосо мамлекеттик сырды берүүсү катары аныкталат.