Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ЧЕГАРАНЫН КОЛТИЙГИСТИК ПРИНЦИБИ – жеринде чегара сызыгын кандай гана болбосун бир тараптуу өзгөртүүгө, ошондой эле эларалык келишимдерди жан мамлекеттин ички эрежелерин бузуу менен чегарадан өтүүгө тыюу салган эларалык укуктун жалпы таанылган принциби. Чегара сызыгынын кандай гана болбосун өзгөрүүсү чектеш мамлекеттердин макулдашуулары боюнча жана эларалык укукка ылайык жүргүзүлөт. Өз эгемендүүлүгүнүн, алып айтканда, аймактык артыкчылыгынан улам арбир мамлекет өз чегарасынан жарандардын унаа жана жүк менен өтүү тартибин өзалдынча аныктайт же андай тартип кызыкдар тараптардын макулдашуулары боюнча эларалык укук ченемдерин жана принциптерин эсепке алуу менен аныкталат.