Мамлекеттик туу
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)МАМЛЕКЕТТИК ТУУ – мамлекеттин негизги символдорунун бири, анын ырасмий айырмалоочу белгиси, эмблемасы; мамлекеттин эгемендүүлүгүн көрсөтөт. Ошол өлкөнүн коомдук-саясий жана мамлекеттик түзүлүшүн чагылыдырышы мүмкүн. М. т-нун баяндалышы конституция же атайын мыйзам менен аныкталат; мамлекеттик герб же башка эмблема түшүрүлгөн же андайы жок бир түстүү же көп түстүү кездеме түрүндө болот. М. т. баардык мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын; чет өлкөлөрдөгү, ачык деңизде сүзүүчү кемелердеги жана чет мамлекеттердин суу аймактарындагы элчиликтеринин, соода өкүлчүлүктөрүнүн, консулдуктарынын имараттарында көтөрүлөт ж. б. КР мыйзамы боюнча КР М. т-су. КРдин мамлекеттик символу. КР М. т-су КР Өкмөтүнүн тийиштүү улуксаты бар юридикалык жактар тарабынан даярдалат.