Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө алуу
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)МАМЛЕКЕТТИК САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛГӨ АЛУУ – министрликтердин, ведомстволордун ж. б. уюмдардын, ошондой эле жарандардын санитардык ченемдер менен эрежелерди сактоолоруна көзөмөл жүргүзүү; санитардык-эпидемиологиялык кызмат тарабынан ишке ашырылат. М. с.-э. к. а.: КР мамлекеттик чегаралары аркылуу өткөрүү пункттарындагы санитардык-карантиндик көзөмөлдү; санитардык мыйзамдарды бузууга бөгөт коюу чараларын; мамлекеттик деңгээлде калктын санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылыгын камсыз кылуу жаатында статистикалык байкоо жүргүзүүнү; мамлекеттик маалымат ресурстарын жана башка иш-чараларды калыптандыруу максатында калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгын камсыздоо тармагынын , жашаган чөйрөлөрүнүн зыяндуу таасирлерине байланыштуу жугуштуу илдеттердин, кесиптик оорулардын, жугуштуу эмес (уулануу) жапырт оорулардын статистикасын мамлекеттик эсепке алууну камтыйт.