Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ГЕРБ (поляк. herb , нем. Erbe – мурас) – мамлекеттин ырасмий символдорунун бири болуп эсептелүүчү айырмалоочу белги; желектерге жана тууларга, акча белгилерине, имараттардын маңдайына, жыйын жайларына, жумушчу бөлмөлөргө, чегара белгилерине (мамыларына), мөөрлөргө, бланктарга, ырасмий документтерге жана мамлекеттик сыйлыктарга түшүрүлөт. КР мыйзамдары боюнча КР М. г-и КР мамлекеттик символу болуп эсептелет жана КР М. г-и мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан, айрым мамлекеттик-бийликтик ыйгарым укуктар берилген уюмдардын мөөрлөрүнө жана бланктарына жайгаштырылат. КР М. г-и КР жаранынын инсандыгын ырастоочу документтерге жана КР мамлекеттик органдары берүүчү жалпы мамлекеттик үлгүдөгү башка документтерге түшүрүлөт. Бланктарды, мөөрлөрдү жана КР М. г-и түшүрүлгөн башка булактарды даярдоо, пайдалануу, сактоо жана жок кылуу тартиби КР Өкмөтү тарабынан аныкталат.