Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Адамдардын, айбандардын тумшук жагындагы жыт сезүү, искөө органы. Ууз кымыздын жыты, жакын отурган Элебестин мурдуна бур дей түштү (Сыдыкбеков). Ит мурдуна суу киргенде сүзөт (макал). Мурдумду тосуп тоонун закымына, Камчыны сермеп аттын такымына (Кожомбердиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башта, өткөн учурда, илгери, мурда. Бирок бул жөнүндө мен мурун такыр ойлогон эмесмин (Жантөшев). Мындай сонун теңчилик Кылымда мурун болбогон (Жантөшев). 2. А дегенде, ириде, озунуп. Чабал өрдөк мурун учат (макал).