МУРДУН КӨТӨРҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Кекирейүү, мен-менсинүү, көпкөлөң тартып чиренген абалда болуу. Жаман киши ошондой, бат эле жакшылыкты унутуп, мурдун көтөрүп калат (Абдукаримов). Анысын Жакиш сезбейт экен мурдун көтөрүп (Бердикеев). Жанакы Ишемби деген неме кийинки кундөрдө мурдун көтөрүп эле жаман болуп кетти (Кыдырмышев).