Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өз эмгеги менен тапкан нерсе, иштеп тапкан анысы накта эмгегинен жаралган үлүшү Алымбектин сары маңка катыны кийген сүлөөсүн ичик, түлкү ичик, илбирс ичиктер шордуулардын маңдай теринен жаралган (Жантөшев). Чегирткеевдей патриоттор таман акы, маңдай тери менен он жылдап тапкан каражаттарын бир тыйынына чейин фронт үчүн берип отурат (Абакиров). Дыйкан - талыкпаган мээнеткеч, маңдай тери менен күн көргөн булбул (Бейшеналиев). Ушу күнү маңдай терименен тапкан адал насибиңди кажылап жүрөм (Укаев).