МАНАСТЫН КАН ОРДОСУ
Энциклопедия "Манас". ч.1.МАНАСТЫН КАН ОРДОСУ — Нарын жана Ат-Башы өрөөндөрүнүн ортосунда созулуп жаткан Кошойдун кара тоосунун эң бийик жери Кошойдун чокусундагы кенен, тегиз аянтча. Бул жерде Манас баатыр кырк чоросу менен Кошой аксакалга келгенде ар дайым ордо ойноп кетүүчү экен. Эл оозунда ушул ордодон Манас баатыр черткен чүкө Турпан жактан өтүп бара жаткан кербендердин төөлөрүнүн шыйрагын талкалап кеткен экен деп айтылат.