МАНАСАУЛ
Энциклопедия "Манас". ч.1.МАНАСАУЛ — топоним. Дагстан республикасынын Буйнак районунда жайгашкан кыштак. Негизги калкы — аварлар. 1859-жылдан кийин негизделген. Элдик этимология топонимдин чыгышын кумыктардын «нас авул» (ыплас кыштак) деген сөздөрүнө жана Манас ысымына (антропоним) алпарып такайт. Бирок, бул түшүнүктөрдүн калпыс, этимондун сырын ачалбасы жана кийинки жоромолдордон экени ачык эле көрүнүп турат.