Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТ АЛДЫНДА МИЛДЕТТЕНМЕСИ БАР ЗАЙЫМ АЛУУЧУ – баардык карыз милдеттенмелери боюнча, КР Өкмөтү менен түзүлгөн кредиттик келишим менен зайым алып, алынган зайымды пайдалануу жана кайтаруу талаптарына шайкеш келген мамлекет алдында милдеттенмеси бар резидент.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТ БАШЧЫСЫ – мамлекеттин жогорку өкүлү эсептелген жогорку кызмат (кыйла сейрек – коллегиалдуу орган) адамы, эреже катары, аткаруу бийлигинин алып жүрүүчүсү. Монархиялык мамлекеттерде (Улуу Британия, Швеция, Испания, Япония) М. б. монарх (король, император) болуп саналат, адатта анын бийлиги мыйзамда белгиленген тартипте падышачылык кылуучу бүлөнүн улам бир өкүлүнөн экинчисине мурасталып отурат. Башкаруу республикалык тариздеги өлкөлөрдө: түздөнтүз эл тарабынан (КР, РФ, Мексика), болбосо кыйыр тартипте (АКШ, Аргентина) же көп тепкичтүү шайлоолордо (Италия, ГФР, Индия) шайланган президент М. б. болуп саналат. Президенттик өлкөлөрдө (АКШ, Мексика) бир эле мезгилде аткаруу бийлигинин башчысы болуп саналат. Иш жүзүндө баардык конституциялар М. б-на кеңири укуктарды берет: ал өкмөт башчысын жана министрлерди дайындайт, куралдуу күчтөрдүн жогорку башкы командачысы болуп саналат, мунапыс берүү, вето (тыюу) коюу укугуна ээ, ордендер жана медалдар менен сыйлайт, парламенттин сессияларын чакырат, парламентти (же анын төмөнкү палатасын) таркатуу (президенттик республикалардан башкаларда) укугуна ээ, мыйзам чыгаруу демилгеси менен чыгуу (баардык жерде эмес) укугун пайдаланат ж. б. Дээрлик баардык парламентардык мамлекеттерде М. б-нын ыйгарым укуктары анын атынан өкмөт тарабынан иш-ке ашырылат. КР Президенти М. б., КР жогорку кызмат адамы болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТ ЖАНА УКУК ТЕОРИЯСЫ – мамлекеттин жана укуктун келип чыгышынын, калыптанышынын жана өнүгүшүнүн жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн, ошондой эле айрым алынган коомдук-экономикалык формациялардын жана цивилизациялардын алкактарында жашоочу аркыл түрдөгү мамлекеттердин жана укуктардын келип чыгышынын, калыптануусунун жана өнүгүшүнүн өзгөчө мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөөчү коомдук-саясий илим жана окуу сабагы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТ ИММУНИТЕТИ – жалпы маанисинен алганда, бир мамлекеттин башка бир мамлекет сотунун алдында башийбестиги (кара:Мамлекеттердин эгемендүү теңчилиги). Иммунитетти чет өлкөлөр, анын органдары менен мүлкү пайдаланат. Эларалык жарыя укук теориясында (эларалык жеке укуктан айырмаланып) жана эларалык тажрыйбада М. и-нин бирнече түрү бар. Соттук М. и. боюнча, ага түз макулдук бергенден башка учурларда, бир мамлекеттин соту башка бир мамлекеттин сотуна доо койо албайт, сот ишине жоопкер же үчүнчү жак катарында катышууга тартылбайт. Доону алдынала камсыз кылуунун М. и-нде мамлекеттик мүлк доону камсыз кылуу предметине жатпайт. Аткаруу М. и-нде мамлекеттик мүлккө карата сот же арбитраждык чечимди мажбурлап аткартуу тартибиндеги чаралар таркатылбайт. Так ошондой тартипте мамлекеттик деңиз кемелерине карата да мажбурлоо чаралары (анын ичинде, доону камсыз кылуу тартибиндеги же мурда чыгарылган сот чечимдерин мажбурлап аткартуу тартибиндеги камакка алуулар) колдонулбайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТ ОРГАНЫ – мамлекеттин коомду башкаруудагы жетекчилигинин конкреттүү участогунун алдында турган милдеттерди ишке ашыруусу үчүн зарыл болгон компетенциялар менен каражаттар, бийликтик ыйгарым укуктар менен камсыз болунган мамлекеттик механизмдин уюмдашкан бөлүгү. Бир кызмат адамы же белгилүү ыңгайда уюштурулган кызмат адамдарынын тобу М. о. боло алат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТ ПАЙДАСЫ ҮЧҮН ТОВАРДАН БАШТАРТУУ – товар ээси бажы алымдарын, бажы салыктарын алуусуз эле жана экономикалык жөнгө салуу чараларын көрүүсүз эле товардан баштарткандагы бажы тартиби. Мындай баштартууга КР бажы органдарынын улуксаты менен гана жол берилет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТ СЫМАЛ ТҮЗҮЛҮШТӨР (квазимамлекеттер) – мамлекеттин айрым белгилерине ээ, бирок жалпы кабыл алынган мааниде андай болбогон эларалык укук субъектеринин өзгөчө түрү. М.: М. с. т-гө Ватикан шаары – мамлекети кирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТ ТАРИЗИ – конституциялык укуктун теориясында мамлекеттик жогорку бийлик органдарын, бийликтин аймактык түзүлүштөрүн жана аны ишке ашыруунун усулдарын уюштуруу ыкмасы. М. т. төмөнкү 3 элементтен: башкаруу таризи , мамлекеттик түзүлүштүн таризи жана саясий бийлик болуп түзүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТ ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮН СЫЙЛОО ПРИНЦИБИ – мамлекеттердин көзкарандысыздыгын, анын аймактык үстөмдүүлүгү менен бүтүндүүлүгүн, башка мамлекеттер менен теңдигин, өз саясий, социалдык, экономикалык, маданий тутумун эркин тандап алуусун жана өркүндөтүүсүн сыйлоону камтый турган эларалык укук принциби. Ал БУУ Уставы жана биркатар башка эларалык укуктук актылар аркылуу бекитилген.