сын. Максаты бар, максат койгон. Кол кармашкан жолдошумсуң бир максаттуу, бир тилек (Аалы).
максаттуу
максаттуу гипербайланыш (комп.)
Максаты бар, максат койгон. Кол кармашкан жолдошумсуң бир максаттуу, бир тилек (Токомбаев).
МАКСАТТУУ АМАНАТ – белгилүү максат менен (үй сатып алуу ж. б.) банкка же кредиттик мекемеге салынган акчанын өлчөмү.
МАКСАТТУУ БЮДЖЕТ ФОНДУСУ – бюджет тутумунун бир бөлүкчөсү, ал бюджетте эл чарбасынын кыйла артыкчылык берилүүчү тармактарын, мамлекеттик программаларды же белгилүү бир аймакты багыттап каржылоо үчүн түзүлөт. М. б. ф. негизинен борбордук деңгээлде түзүлөт. Алардын бюджет сыяктуу эле 1 жыл ичинде иштеп, андан кийин кайрадан түзүлө тургандыгы же өз ишинин токтотулушу М. б. ф-нун өзгөчөлүгү болуп саналат. Түзүү булактары – салыктар, бюджет каражаты, максаттуу мамлекеттик зайымдар, казына векселдери жана башкалар.
target diagram (noun)
A diagram that is used to show steps toward a goal.
максаттуулук, максаттуулугу, максаттуулукка
Максат дегенге таандык, белгилүү бир максатты көздөгөндүк. Массалык-саясий иштин таасирдүүлүгү жана максаттуулугу агитаторлорду туура тандоого байланыштуу («Советтик Кыргызстан»).