майрый Толковый словарь кыргызского языка (1969) этиш. Бир жагына жантайган майрык абалга келүү, кебинен кетип кыйшаюу. Майрыйган өтүк.
майрый- Киргизско-русский словарь Юдахина кривиться;майрыйган өтүк стоптавшийся сапог;майрыйган керебет колченогая кровать.
МАЙРЫЙ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Бир жагына жантайган майрык абалга келүү, сынынан кетип кыйшаюу. Майрыйган өтүк.
МАЙРЫЙТ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 1. Ийрейтүү, кыйшайтуу. Бир жагына майрыйта басылган өтүктүн турганын көрүп, үй ичинде ким бар экенин баамдады («Ала-Тоо»). 2. майрый этишинин аркылуу мамилеси.