КӨӨНӨ-ТУРПАН
Энциклопедия "Манас". ч.1.КӨӨНӨ-ТУРПАН, Турпан —топоним. Кыргыз уруулары эзелтен мекендеп келе жаткан жерлердин бири катары эпосто көп эскерилет. Иранча кухене — көөнө-эски жана моңголчо Турпан — ордо, борбор шаар, кан сарайы деген сөздөрдүн айкалышынан жасалган аталыш. Географиялык реалияда Чыгыш Тянь-Шань тоолорунун этегиндеги ойдуң жана андагы шаар.