КӨӨНӨ ОБРАЗ
Энциклопедия "Манас". ч.1.КӨӨНӨ ОБРАЗ — тарыхый-филологиялык негизи боюнча элдин алгачкы мифтик түшүнүктөрү менен байланышкан, эпосто көөнө мотивдердин, сюжеттердин көркөм каражат катары кеңири колдонулушун шарттаган образдар системасы. Эпосто мындай сапаттарга ээ образдар — Алмамбет, Төштүк, Кошой, Жолой жана башкалар каармандардын образдары (к. Көөнө катмар).