КӨӨДӨН І
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Дененин көкүрөк, төш жаккы бөлүгү. Көөдөнүн найза аралап, Көкүрөктү жаралап («Курманбек»). Касымбек ич күптүсү эми чыккандай, көөдөнүн кере дем алды («Ала-Тоо»). – Балам, ак сүтүмдү бердим, ысык күндөн, ышкырган бороондон көөдөнүм менен калкалап чоңойттум (Касымбеков). Муштумдай көөдөндөгү балбан жүрөк, Тулкуга азык чачып өкүм сүрөт (Токомбаев). 2. өт. Көңүл, ой-пикир. Калтырбай айтып берейин, Көөдөндөгү сырымды (Каралаев). Баатырсынып, эрсинип, Көөдөнүндө бу Кыяз, Кара кулак шерсинип («Сейтек»). Көөдөнүндө күүлөнүп, Күлчорого сүйлөнүп, Желигип турду Канчоро («Сейтек»).