Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Каалабоо, көңүлсүнбөө, көңүлү келбөө, табити тартпоо. Китептин бетин ачкан менен көңүлү чаппай алагдыланды (Бейшеналиев). Паризек аптап ургандай алсырап, тамакка да көңүлү чаппай корунган кейипте эле (Ашымбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Каалабоо, көңүлсүнбөө, көңүлү келбөө, табити тартпоо. Китептин бетин ачкан менен көңүлү чаппай алагдыланды (Бейшеналиев). Паризек аптап ургандай алсырап, тамакка да көңүлү чаппай корунган кейипте эле (Ашымбаев). В.: Көңүлү тартпоо. Ысык өткөндө айрым балдар чочуйт жана тамакка көңүлү тартпайт («Кыргызстан аялдары»). Көөнү чаппоо. Бирок эмнеси экенин билбейт, Ланичекке көөнү чаппайт (Ашымбаев).