Көңүлү куунак, жайдары. Бекей таежесинин көңүлү чак болгону сейрек, көбүн есе, жылдызы жерге түшүп, томсоруп жүргөнүн көрөсүң (Айтматов).
Көңүлү куунак, жайдары. Бекей таежесинин көңүлү чак болгону сейрек, көбүнесе, жылдызы жерге түшүп, томсоруп жүргөнүн көрөсүң (Айтматов). В.: Көөнү чак. Байымбет тамыры ойлогонунан аша оргуштап тосконго көөнү чак, тигилерге да жайдаңдап учурашты (Бейшеналиев). Көңүлү шагдан. Шабдан түбөлүгү түз келишимге ийиген элеттик жек-жааттарына көңүлү шагдан каркылдады (Бейшеналиев). Көөнү шагдан. Кагылайын байкебайымдын жүзү жарык, көөнү шагдан (Бейшеналиев).