Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башка чыгарманы кайталап, аны толук кайра чагылдыруу максатындагы көркөм чыгарма. Толук кандуу көчүрмө түп нуска менен көлөмү жана техникалык каражаттары менен гана дал келбестен, аткарылыш сапаты менен да дал келиш керек. 2. Кандайдыр бир тексттин (кол жазманын, документтин ж. б.) көчүрүп жазылган, көчүрүлгөн үлгүсү. Токтомдун көчүрмөсү. Ал төраганын биринчи катын жана ага берилген жооптун көчүрмөсүн гана тапты. («Ала-Тоо»). || Бир нерсенин өзүндөй кылып кайра жасалган, тартылган үлгүсү. Портреттин көчүрмөсү. Картинанын көчүрмөсү.