Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир жерге тынч алып отура албоо, жаны жай албоо, жаны тынбай чарк айланып жүрө берүү. Аныкы да жөндүү. Ажы абамдын көчүгү жер жыттабайт (Бейшеналиев). Ал көчүгү жер жыттабай кечке кат артынан жүрөт (Жигитов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир жерге тынч алып отура албоо, жаны жай албоо, жаны тынбай чарк айланып жүрө берүү. Чаргын көчүгү жер жыттабай, өндүрүштө демилге берет (Сыдыкбеков). Аныкы да жөндүү. Ажы абамдын көчүгү жер жыттабайт (Бейшеналиев). Ал көчүгү жер жыттабай кечке кат артынан жүрөт (Жигитов). В.: Көчүгүн жер бастырбоо. Ушул келин мен үйүнө бардым болду, көчүгүмдү жер бастырбай жумшай берет (Элебаев).