Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кымыз, бозо. максым сыяктуу тамактардын ачыткысы, аларды ачытуу үчүн калтырылган бөлүгү.
2. өт. Негиз, жук, кудурет. Оокат тиричиликтин көрөңгөсү түгөнүп, барган сайын жакырлана баштадык («САЖИ»). Ары жагында көрөңгөсү жок болгон соң, куру бекер күчөнүп ырдайм дей бергендин пайдасы барбы («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кымыз, бозо, максым сыяктуу суусундук ачыткысы, жаңы куюлганын ачытуу үчүн калтырылган кору. 2. өт. Бир нерсенин негизи, түпкү маңызы, дараматы. Оокат-тиричиликтин көрөңгөсү түгөнүп, барган сайын жакырлана баштадык («Ала-Тоо»). Көрөңгөсү жок байкуштун колунан эмне келмек («Чалкан»).