Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсенин көзгө көрүнгөн, сезилген жалпы белгилери, сырткы кебетеси, түрү, турпаты. Сансыз айланадагы табияттын көрүнүшүн өтө суктануу менен карады (Жантөшев). Алымдын көрүнүшү Анарханга коркунуч туудурду (Жантөшев). 2. Драмалык чыгарманын бир бөлүмү. 3. Бир нерсенин жалпы ал-абалы, жагдайы, шарты. Иштин бул көрүнүшү азырынча бизди жыргаткыдай эмес («Чалкан»). Бул көрүнүшкө эч ким алымсынгыдай эмес («Ала-Тоо»). 4. Кубулуш. Жаратылыштын ар кандай көрүнүштөрү.