КӨЛДӨЛӨҢ ІІ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015диал. 1. Бир нерсенин туурасы, каршысы. Көчөнү көлдөлөң тосуп, эл небак чогулган (Жантөшев). Алдыңа келдим көлдөлөң, каталык болсо кечиргин (Барпы). Көлдөлөңүн ченесең, Туз таман жону бар («Манас» С. О.). 2. Бир нерсенин чогулган, көп болуп жыйылган тобу.