КӨКЧӨКӨЗ
Энциклопедия "Манас". ч.1.КӨКЧӨКӨЗ — каарман, көзкамандардын бири. Айрым варианттарда Көзкамандын баласы делсе (Сагымбай Орозбаков варианты, Радлов жазып алган вариант), айрымдарында Көзкаман менен К. бир тууган делет (Саякбай Каралаевдин варианты ). Көзкамандардын окуясында К. активдүү катышат, к. Көзкамандар, «Манастын» сюжетиндеги Көзкамандар окуясын.