Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көптөн бери самап, издеп жүргөнү оңой-олтоң орундалуу, ишке ашуу, ыңгайы келип, оңдой берди болуу. Көктөн тилегени жерден табылып, көксөгөн буюмдар колуна тийгенден кийин Алфина көздөн кайым болот («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көптөн бери самап, издеп жүргөнү оңой-олтоң орундалуу, ишке ашуу, ыңгайы келип, оңдой берди болуу. Мураттын көктөн тилегени жерден табылып, ичинен кубанды (Байтемиров). Көктөн тилегени жерден табылып, көксөгөн буюмдар колуна тийгенден кийин Алфина көздөн кайым болот («Чалкан»). В.: Көктөн издегени жерден табылуу. Көктөн издегени жерден табылып, эңсегенине туш келип, жолу ачылды (Бердикеев). Мураттын көктөн издегени жерден табылып, ичинен купуя сүйүндү (Бейшеналиев). Асмандан издегени жерден табылуу. Асмандан издегени жерден табылбадыбы, кудай берем десе ушинтип берет («Ала-Тоо»). Күтүлбөгөн суроо үстүмдөгү ныгырган оордукту кимдир бирөө алып ыргыткандай жеңилдетти, асмандан издегеним жерден табылганына сүйүндүм («Кыргызстан маданияты»). Көктөн күткөнү жерден табылуу. Көктөн күткөнү жерден табыла калгансып, мага келген киши го деп жетип барган (Эралиев).