КӨК ЧЫЧКАНЫ БАР
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Элдик ишеним боюнча, иштин илгерилешине, оңунан чыгышына кедерги болгон кара жолтойлугу бар деген мааниде (адамга карата) колдонулат. - Кашгарынын көк чычканы бар эле. Жолу болбогон бейм (Бейшеналиев). Көк чычканы барбы, уттуруп койдук дешип мага күлүштү («Ала-Тоо»).