КӨК ЧЫЧКАНЫ БАР
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жолу болбогон, иши оңунан чыкпаган же кимдир бирөөнүн ишине кедерги болгон, кесепети тие калган адамга карата айтылат. Кашгарынын көк чычканы бар эле. Жолу болбогон бейм (Бейшеналиев). Көк чычканы барбы, уттуруп койдук дешип мага күлүштү («Ала-Тоо»). В.: Кара чычканы бар. Ой, жолуң болгур десе, сенин кара чычканың бар окшойт. Мына, иш тескери айланып калды («Чалкан»).