Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан катуу уруу, сабоо, токмоктоо. Айылдын ээн баштары кечээ күнү старчынды көк ала койдой союптур (Каимов). Былтыр Сарыбай Канымбүбүнү көк ала койдой союп салганда, анын боюнан түшүп, далайга төшөктө жаткан (Айтбаева).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан катуу уруу, сабоо, токмоктоо. Айылдын ээн баштары кечээ күнү старчынды көк ала койдой союптур (Каимов). Былтыр Сарыбай Канымбүбүнү көк ала койдой союп салганда, анын боюнан түшүп, далайга төшөктө жаткан (Айтбаева). В.: Кызыл койдой союу. Эткен качанаак неме эле, кызыл койдой сойгула (Сыдыкбеков).