КӨЗӨЛ І
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Сулуу, көрктүү мыкты. Көзөл Манас сурап кел («Манас» С. О.). Жигиттин көркү анча да көзөл, анча да сулуу эмес (Сыдыкбеков). Көзөл Асыл келинди, мактоого акындын тили жетер беле (Сыдыкбеков). 2. Шумпай, шылуундугу бар. Айтканы чын көзөлдүн (Борбугулов). Оо, кайран көзөлүм! (Турусбеков).