КӨЗҮ ЧАЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Байкап калуу, көрүп калуу. Кыздын ошо татынакай уяң жүзүнөн жылмаюуну көзү чалды Адылбек (Өмүрбаев). Аңгыча эр ортонундагы дүңкүгүй кишини көзү чалды (Каимов). Курманжан датка... эл арасына кеңири суроо салып, ким кайдан көзү чалганын иликтөө жагын өтүндү (Касымбеков).