КӨЗҮ КЫЙБОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бир нерседен ажырагысы же бир нерсени колдон чыгаргысы келбөө, бирөөгө ыраа көрбөө. Жарык дүйнөнү көзү кыйбады, үнсүз тиктеп күйөсүн, баласын аяп ыйлады (Шүкүрбеков). Баштык-саштыгы менен ыргытат элем, каап, баштыгым жаңы, көзүм кыйбайт (Борбуев).