Өтө кооз, көркөм көрүнүү, кооздугунан, көркөмдүгүнөн көз уялуу, жалтануу. Куштун жүнүнүн кооздугунан көз тайгылат (Сыдыкбеков). Карасам колхоз айлымды, Малыман көзүм тайгылды (Маликов).
Өтө кооз, көркөм көрүнүү, кооздугунан, көркөмдүгүнөн көз уялуу, жалтануу. Куштун жүнүнүн кооздугунан көз тайгылат (Сыдыкбеков). Карасам колхоз айлымды, Малыман көзүм тайгылды (Маликов). Кең жайыкта түшүргөн жүктөр менен кишилерден көз тайгылат (Укаев). В.: Көз таюу. Тоолор жашыл кымкаптай көз тайытып, нечен ирет кубулжуйт (Жусупов). Андагы эң кооз имараттарды караганда, тим эле көз тайыйт (Кыдырмышев).