КӨЗ ИРМЕБӨӨ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Уктабоо, уктай албоо, кирпик какпоо, уйку бетин көрбөө, такыр уктабай чыгуу. Түнү бою көз ирмебей из караган, Алыста маекчинин чырагы өчтү (Осмонов). Ышкынаалы ал түнү таң аткыча көз ирмебей чыкты (Байтемиров). 2. Жалтанып да койбоо, эч жазганбай тике кароо. Айбалта колго алышып, көз ирмебей салышып («Манас»). В.: Көз илбөө. Кален бүгүнкү түнү бир айла табуу керек экенин ойлоп, түнү бою көз илбеди (Укаев). Кээ түнү чочулап таң атканча көз илбей чыгат («Ала-Тоо»).