Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үстүртөн, жалпысынан байкоо жүргүзүү, бир сыйра айландыра карап чыгуу, үстүртөн байкап көрүү. Жапар кызыл үйдүн ичинде көз жүгүртүп келип, Зулайка менен Зейнештин жазып жаткан газетасын көрдү (Баялинов). Ал менин тулку боюма бир сыйра көз жүгүртүп чыкты («Ала-Тоо»). 2. Тез-тез карап, окуп таанышып чыгуу. Кагазды алды, бүктөөсүн жазып көз жүгүрттү («Ала-Тоо»). Байымбет жубайынын тизме кагазына көз жүгүртүп чыкты (Бейшеналиев). В.: Көз чаптыруу. Каныбек айланага көз чаптырды (Жантөшев). Жумушчуларга көз чаптырды да баланы колтукка түрттү (Баялинов). Асылбек айлана-тегерекке көз чаптырып, эч ким көрүнбөйт дегендей белги берди (Жоошбаев). Көз жиберүү. Саадат астыртан айыл жакка көз жиберип, ойлуу отурат (Сыдыкбеков). Айдай алдыртан көз жиберип, Бекендин таңыркоосун байкап акырын гана жылмайып коёт (Каимов).