КӨЗ ЖАРУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Төрөлүү, жарык дүйнөгө келүү (балага карата). Ушул курсактагы бала аман көз жарса Айымжандын койнуна салып б ер емин (Сыдыкбеков). Шамшынын токоюнан сомдоп артына келген куу арчадан жакында көз жаруучу наристеге бешик жасатууда (Бейшеналиев). Таң аппак атып калган кезде бала көз жарды («Ала-Тоо»). 2. Төрөө, боюнан бошонуу, бала төрөп алуу, балалуу болуу (аялга карата). Сейдеке, ырысың бар экен, келиниң аман-эсен көз жарып, башыңа баш кошулуп олтурат, - дешип кемпирлер бака-шака (Өгөбаев). Ошентип, Мүйүздүү Бугу-Эне жетип келери менен зайып көз жарат (Айтматов). Кудай кошкон жубайынын аман-эсен көз жарып алуусун алдадан үчубак тилеп жүрөт (Бердикеев).